Стамбулда жүздөгөн аялдар зомбулукка каршы жүрүшкө чыкты

Стамбулда жүздөгөн аялдар зомбулукка жана кийимге болгон чектөөлөргө каршы жүрүшкө чыкты. Алар салттуу кийимдерди кийгенге каршы, жана коркуп унчукпай калбайбыз,- деп билдиришкенин жазды “Свобода” радиосу.

Жүрүшкө чыккандардын билдиришинче, Түркияда аялдардын сырткы келбетине байланышкан зомбулуктардын саны өсүүдө.

Стамбулда Рамазан айында чолок шым кийгени үчүн бир кызды сабап кетишкен.