Сузак районунун акими болуп Э.Омошев дайындалды

Сузак районунун администрация башчысы-акими кызматына Эрмекбай Омошев дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Жаңы дайындалган акимди аталган райондук акимияттын жетекчилигине Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тааныштырды.