Өмүрбек Бабанов тандемге барбайт

Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков менен тандемге барбайт. Бул тууралуу Бабанов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Анда Өмүрбек Бабанов айрым ММКлар жарыялаган бийликтин талапкери менен биригүү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбесин ырастады. Бул иштер алардын партиясынын алдыга чыгып баратканына карата көрө албастык иштер катары сыпаттап, биригүү тууралуу сөздөрдү «кара пиар» деп атады.

Ошондой эле, Бабанов Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын жана кара пиар менен алектенбөө тууралуу сунуш бергенин айтты.

«Мен президенттик шайлоонун аягына чейин барам жана Кудай буюрса кыргыз мамлекетенин президенти болом»,-деди Бабанов.

Ал президенттик шайлоого баруу чечими партиялаштары менен акылдашып чечилгенин жана баштаган ишин аягына чыгыраарын кошумчалады.

Булак: Марал