Эмделген жарандар дени сак улутту түзөт

Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы

Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлчүлүгү калкты эмдөө боюнча “Иммунизациялоонун социалдык мобилизациялоосу” аталыштагы чоң долбоордун алкагында төрт жылга жакын мезгилден бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Долбоорго Чүй облусу, Бишкек жана Ош шаарларынын калкын эмдөө жүргүзүү камтылган. Элдин ден соолугун коргоо максатын көздөгөн ушул иш-чаралардын жүрүшүндө айрым көйгөйлөр чыгып жатыптыр. Ушуга байланыштуу долбоордун координатору Нурбүбү Керимова менен кабарчыбыздын маегин сунуштайбыз.

 -Нурбүбү Сартовна, эмне үчүн айрым ата-энелер балдарын эмдетүүдөн качып жатышат?

-Жалпы статистика боюнча ата-энелердин 95 пайызы балдарын өз каалоосу менен эмдетишет. Анткени, жаңы төрөлгөн ымыркайдын  ден соолугу эмдөөлөрдү калтырбай толук алып жүргөнүнө байланыштуу экени шексиз. Бирок, ата-энелердин 5 пайызы балдарын эмдетүүгө каршы болуп жатат. Биз мына ушул контингент менен иш алып баруудабыз. Анын себеби, интернет булактарында эмдөөгө каршы тукурган жалган маалыматтар чыгып жатат. Кээ бир адамдар анын чын-төгүнүн текшербей эле каршы боло беришет. Мисалы кимдир бирөө: “Вакциналардын курамына чочконун майы кошулат десе, айрымдары: “сымап кошулат экен”, — дешет. Же болбосо вакциналарды элинин көбү кедей, антисанитардык абалда жашаган Индиядан алып келишет экен”, — деген маалыматтарды таратышат.

Улуттук календардын 12 жугуштуу оорусуна каршы эмдөө боюнча вакциналар кайсы мамлекеттерден келип жатат?

— Негизинен Россиядан, Индиядан жана Пакистандан алып келинип жатат. Мени кейиткени, айрым жарандар Индия өлкөсү тууралуу туура эмес түшүнүктө. “Индия кедей, антисанитардык өлкө. Ошол жактан ташылган дары бизге жардам бермек беле”, — дешет. Европанын өнүккөн мамлекеттери калкы көп, элинин жашоо турмушу бир беткей эмес Индиянын чоң-чоң шаарларына атайын фармацевтикалык ишканаларды куруп беришкен. Ал биринчиден, Индиянын эли үчүн жумуш орундарын түзүү, экинчиден, бюджетине каражат түшүрүп, экономикалык пайдасын көрсүн деген максат болгон. Мен Индиянын Мубаи калаасына барып, фармзаводун көрүп келгем. Ал жакта фармзаводдун эң заманбап жабдуулары менен санитардык талаптардын бардыгын так сактаган медициналык формачан адистер иштеп жатыптыр. Андыктан, куру бекер чочулоонун эч керекги жок.

Калкыбыздын басымдуу бөлүгү классикалык ислам динин карманганына байланыштуу биз муфтият менен дагы тыгыз иш алып барып жатабыз. Ал түгүл муфтият: “Ар бир мусулман жараны өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугун коргоого милдеттүү болгондуктан эмдөөдөн качпоосу керек”, — деген фатвасын чыгарган. Андан тышкары, өлкө ичиндеги чиркөөлөр менен да ушул максатта чогуу иштейбиз. Бирок, эмдөөгө каршы чыгып, чоң көйгөй туудурган башка диний конфессиялар бар. Аларды элибиз жалпысынан “баптисттер” деп атап коёт. Ошол башка диний  агымдарга кирип кеткен кыргыз жарандар:”Укол сайдырбоо, зарыл учурда дагы кан куйдурбоо керек”, — деген ишенимде. Ал турсун, армияга барып аскердик милдетти аткарган болбойт”, — деген ишенимге бекем туруп алышкан. ªзүңүз жакшы билесиз, совет жылдары жаңы төрөлгөн ымыркайга ата-энеден сурап отурбай эле 24 сааттын ичинде кургак учукка каршы эмдеп салышчу. Эми бүгүн төрөтканада көз жарган айрым жаш эле энелер ымыркайын эмдөөгө каршы болуп жатышат. Союз учурунда эмдөөлөр милдеттүү түрдө жасалчу. Тилекке каршы, Кыргызстанда токсонунчу жылдардын ортосунда эмдөөлөрдүн милдеттүүлүгүн алып салып, ар бир жарандын өз эркине койгон мыйзам чыккан. Эми милдеттүү эмдөөлөрдү кайрадан киргизген мыйзамды кабыл алсакпы десек, бей өкмөт уюмдары: “Баласын эмдетүү же эмдетпөө ата-эненин өз эркинде болушу керек”, — деп тоскоол  болуп жатышат. А чынында улуттук календарь боюнча 12 жугуштуу оорунун алдын алуучу эмдөөлөр элдин ден соолугуна, керек болсо, улуттук коопсуздугуна байланыштуу иш экени жалганбы? Жогоруда айтылган каршылыктардан улам бала-бакчаларга эмделген да, эмделбеген да балдар кабыл алынып жатат. Эгерде бир наристе ооруп калып, башка балдарга жугуштуу дарт таралса буга ким жооп берет? Эмдөөлөр боюнча Кыргызстандын айрым мыйзамдары бири экинчисине тоскоол болгон учурлар бар. Мисалы, милдеттендирилген эмдөө кайсы бир аймакта кызылча, кургак учук, полиомиелит ж.б. сыяктуу кооптуу дарт каптап кеткен учурда гана массалык түрдө жүргүзүлүшү керек. Андан башка учурда эмдөөгө каршы чыккан ата-энелерди сүйлөшүп түшүндүрүү жолу менен гана көндүрө алабыз. Эмделбеген баланын иммунитети түшөт, жугуштуу дарттарга туруштук бере албайт. Андан тышкары, улуттук эмдөөлөрдү айрым жарандар ковид-19 менен алмаштырып жатышат. Ал эми улуттук эмдөөлөрдүн календары боюнча 12 жугуштуу ооруга каршы эмдөө бала төрөлгөндөн баштап, улам өсүп жаткан учурларында этап-этабы менен жүргүзүлүп туруусу каралган. Айрым учурда ошол эмдөөлөрдүн бирин алгандан кийин кээ бир ата-эне:”Менин балам эмдөөдөн кийин шал болуп калды, эпилепсия болуп калды ж.б.”, — сыяктуу дооматтарды койгон учурлар кездешет. Андай дооматтардын биринен мисал келтирсем баары түшүнүктүү болор дейм.

Бир жолу Ысык-Ата районундагы дунган айылынан бир аял: “Неберем эмделгенден кийин эпилепсия болуп, оозунан көбүк чыгып калды”, — деп айтты. Биз дароо ал үй-бүлөгө барып, жаш келиндин өзү менен сүйлөштүк. Дунган келин чынын айтып ыйлап жиберди. Көрсө, ал керээли кечке жашылча өстүргөн талаада иштеп, катуу чарчаган абалда баланы эмизип жатып, көзү илинип кетиптир. Ошондо ымыркайы колунан түшүп, полго башы менен катуу тийген экен. Ушул окуядан бир апта өткөндөн кийин улуттук календарь боюнча баласын эмдетип келсе, кечинде наристенин оозунан ак көбүк чыгып ооруп калыптыр. Дунган келин кайненесине баланы кулатып алганын айткандан коркуптур. А кайненеси тегерек-четтеги кошуналарына бала эмдөөдөн ооруп калганын айтып, улуттук эмдөө тууралуу терс маалымат таратып жиберүүгө үлгүргөн.

 -Улуттук эмдөө календарына кирген жугуштуу оорулар канчалык деңгээлде кооптуу?

-Айталы,тырышма деген дарт топурактан жугат. Бала топурак менен ойноп жатып, кокусунан бир нерсе менен колун канатып алышы ыктымал. Ал жердеги топурактын курамында тырышманын вирусу бар болуп, ал кан аркылуу денеге тараса өмүргө чоң коркунуч туудурат. Тырышмага каршы атайын дары жок. Болгону  бир эле атайын сывораткасы бар. Ошону тез арада колдонуп калуу керек. Тырышманын вирусу кирген дене зыңкыйган бойдон катып, адам ошол бойдон мерт кетип калуу коркунучу чоң. Мындан тышкары, паротит деген дарт бар. Ал жөтөлдөн, чүчкүрүктөн аба аркылуу жугат. Бул дагы вирустун эң оор түрүнө кирет. Анткени, эркек балага жугуп, дарт өтүшүп кетсе аны тукумсуздукка алып келет. Ошондуктан ага каршы эмдөөнү да өз учурунан өткөрбөй алуу керек. Паротитке каршы вакцина башка жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн да колдонулат. Вакциналар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар биринде бар. Жаран Бишкектин жаңы конуштарынын биринде же шаар ичинде жашап, бирок алыскы айыл жеринде катталган болсо деле паспортун көрсөтүп эмделе алат. Улуттук эмдөөнүн календары боюнча жаран 56 жашка толгонго чейин ар бир он жылда эмдөөлөрдөн өтүп туруусу кажет.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”