Айрым жолдорго акы алынуусу боюнча демилге көтөрүлүүдө

2018-жылдан тартып айрым жолдорго акы алынышы мүмкүн. Транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында ушундай сунуш киргизүүдө.

Министрликтен берген маалыматка ылайык, акы алынуучу жолдор 2018-жылы 26 чакырым, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жетет. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган. Акы төлөнчү жолдорго Куакы – Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү жаңы салынчу альтернативдүү жолу кирет. Учурда бир дагы жолго акы алынбайт.