Триатлон боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар төрт алтын тагынды

Триатлон боюнча 29-30-июлда Астанада өткөн Борбор Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар төрт алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Чемпионатка 10 мамлекеттен 100гө чукул спортчу катышкан. Мелдештер сууда сүзүү, чуркоо жана велосипед менен жарышуу боюнча өттү. Ага Кыргызстандан 17 спортчу катышты.

Жыйынтыгында Александр Требунский 18-29 жаштагылардын арасында, Илия Фернас 30-39, ал эми Андрей Хандеев 40-49 жаштагылардын ичинен биринчиликти багындырышты. Ошондой эле, Валерия Уварова алтын медаль тагынды.