Августта ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу боюнча 18 техрегламенти ишке кирет

12-августтан өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча ЕАЭБдин техникалык регламенти ишке кирет.

Айыл чарба, мелиорация жана кайра тамак-аш өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк жана кайра иштетүү бөлүмүнүн башчысы Адамбек Ботоевдин айтымында, 2016-жылдын 12-февралында 13, 12-августунда дагы 3 техникалык регламент кабыл алынган. Ал эми 2017-жылдын 12-августунда 18 техникалык регламент ишке кирет.

Адамбек Ботоев билдиргендей, кабыл алынган техникалык регламенттер азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөөгө багытталган, атап айтканда маркалоого, жер-жемиш ширелери, май алынуучу өсүмдүктөр, сүт жана сүт  азыктары, ошондой эле, эт азыктарынын коопсуздук ченемдерине көзөмөл жүргүзүлөт.

Адистер ЕАЭБдин техникалык регламенттери менен ички жана тышкы рынокту сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыздоого мүмкүндүк жараларын айтышууда.