Ажыга баруучулардын алгачкы тобу 7-августта жөнөп кетишет

Кыргызстанда ажылык сапарга баруучулардын алгачкы тобу 7-августта Бишкек шаарынан учат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Бишкек менен Ош шаарларынан 15 каттам уюштурулат.

Ошондой эле, Сауд Аравиянын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык, ажылар салмагы 32 килограмм, узундугу 56 сантиметр, туурасы 45 сантиметр, бийиктиги 25 сантиметр болгон чемодандарды алууга тийиш.

Мындан сырткары, ар бир жүктө зыяратчылардын аты-жөнү, авиакомпаниянын рейси, номери, аталышы, учуу убактысы боюнча маалыматтар болушу керек.

Быйыл Кыргызстандан 4 миң 585 жаран ажылык сапарга барат.