Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин койбойт

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-июлда Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Анда Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматын улантаарын айтты.

«Партиялаштарымдын сунуштары, тилектери болгон. Ошондон улам, президенттикке баруу ниетимди билдиргем. Андан кийин күчтүү саясий лидерлер менен сүйлөшүүлөр болуп, жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстанга биримдик жетишпей жатканын билдим», — деди Турсунбеков.

Ошондой эле, Турсунбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтүүгө ниети бар экенин билдиргенден кийин аны каралоо иштери жүргөнүн кошумчалады.