Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча турнир Ысык-Көлдө өтөт

Президенттин кубогу үчүн болгон көк бөрү боюнча салттуу турнир быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 25-августтан 31-августка чейин болот.

Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 21-августта өтүүчү Дүйнө чемпионатына дагы катышмакчы.