Турсунбеков: Кызмат үчүн президент менен соодалашкан эмесмин

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызмат үчүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен соодалашпагандыгын билдирди.

Бүгүнкү маалымат жыйында Турсунбеков буга чейин президентке бир дагы жолу кызмат сурап барбагандыгын, мындан кийин дагы сурабай тургандыгын айтты.

«Президент менен соодалашып алган соң президенттикке аттанбай калды деген маалымат жалган», — деди Турсунбеков.

Кошумчалай кетсек, 28-июлда төрага Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көлдө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.