Ажатканадан жаңы төрөлгөн наристе табылды

Бүгүн, 31-июлда саат 11.30дар чамасында Бишкек шаардык балдар оооркунасына жаңы төрөлгөн наристе тез жардам унаасы менен жеткирилген. Бала ажатканада табылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилованын айтымында, наристенин абалы оор деп бааланууда. Азыркы учурда бала жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырылып жатат.

Табылган кыз 3 кг 396 гр болуп төрөлгөн.