Сот процесстерин чагылдыруу боюнча журналисттер окутулат

Бишкекте эртең, 2-август күнү журналисттер үчүн “КРда соттук процессти чагылдыруу” темасында семинар өткөрүлөт. Ушул эле окутуу 4-августта Ош шаарында дагы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган окутууда журналисттерге жалпы сот тутуму жана соттук териштирүүлөр, кылмыш, жарандык жана администрациялык иштер боюнча соттук өндүрүштөгү жаңы өзгөрүүлөр, маалыматка жетүүнүн жолдору тууралуу окутулат. Ошондой эле, соттук терминология менен да кеңири тааныша алышат.

Эске сала кетсек, семинар  Ист-Вест Менеджмент Институту жүзөгө ашырып жаткан ЮСАИД уюмунун “Биргелешип башкаруу” программасынын алкагында уюштурулууда.