Терроризмге үндөгөндөргө каршы чаралар күчөтүлдү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзам  Кыргызстандын мыйзамдарындагы айрым жетишпегендикти толуктоо  жана  экстремисттик же террористтик маалыматтык материалдарды ошондой ишмердикти ишке ашырууга чакыргандык катары таануу тууралуу иштер боюнча арыздарды жөнөкөйлөштүрүп жана тездетип кароонун  укуктук механизмдерин түзүү максатында  иштелип чыккан.