Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

“Кыргыз Республикасынын  Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө  кодексине” өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 15-июнунда  кабыл алынган.

Ал администрациялык   жоопкерчиликти  күчөтүү аркылуу администрациялык  укук бузуулардын алдын алууга жана алардын санын кыскартууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.