Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Айткандай эле, кара терге түшүп, карбаластап шашып келе жаткан эркектер тосуп алган элди үн-сөзсүз аралап өтүп кетишти. Дегдеңдеп кошо жөнөгөн аялдарды ансайын көрпөчөнүн ичиндеги “шордуу” ким экени кызыктырып, эки көзү, эс-акылы бүт ошол тарапка бурулуп, кулактарын түрүп, моюндарын созуп карап келе жатышты.

– Э, ботом, Асан кайда? – эки жагын каранып, элге удаалаш келе жаткан Касен сарынын аялы эрине үңүлө карады. – Берки балдар да көрүнбөйт?.. Аттарды кайда таштадыңар? Капырай, үн катсаңар боло?!

Ансыз да араң келе жаткан Касен канча ирет бакырып ыйлап жибере жаздап, карманып калды.

– Силер эмне, тилиңерди жутуп алгансыңбы баарыңар?! Ботом, бирдеме деп койсоңор боло! Бу ким?! – көрпөчөнүн ичине үңүлдү аял.

– Бектемир… – күңк этти Касен сары.

– Каран кү-үн! Бечара Сайранын кара көзү кашайган турбайбы, кокуй! Эмне болуптур?

– Кудай сактасын… Аман-эсен. Аттан жыгылыптыр.

– Бектемир экен… Аттан жыгылыптыр, – аял жанындагы аялга шыбырай койду.

Ошентип, көрпөчөнүн ичиндеги Бектемир экени айылга киргиче эле баарына маалым болуп:

– Деги булардан шор кетпес болду. Энеси тиякта тигинтип… Баласы минтип…

– Жыландын куйругун басканы ушу да…– деп күбүң-шыбың болуп келе жатышты.

 ***

Тээтигил тумшуктан ары имерилсе эле энесин таап алчудай эдиреңдеп, жылаңайлак таманын бирде таш тилип, бирде боркулдаган сары топуракка кызыл ашыгына чейин батып, дүмпүлүңдөп чуркаган Тынар көз албай беттеп, болжоп келе жаткан жерине жетип алып, бозоргон боштукту карап, томсоруп туруп калды. Ышкырган шамалдан башка кыбыр эткен жан жок.

Апасы менен кээде бир-эки жолу бул жерге кой жайып келгени болбосо, жалгыз чыгып көрбөгөн уландын жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй лакылдап, заманасы тарып кетти. Тамагы жашка муунуп, карегин каканактаган ысык жаш каптап калды.

– А-паа-ааа! – жанынын бардыгынча бакырды бала.

Барбайган эпсиз колунун сырты менен жашын арчып, көздөрүн бекем-бекем ачып-жумуп, тээ алды жакты үмүттөнө карап алып, бир убакта жандана түштү. Көрдү! Алда кайдан кыбыраган караан көрүндү. Ким экенин, эмне экенин ажыратып билүү кыйын болчу, бирок кош аягы аны дикилдетип ошол жакты карай алып жөнөдү…

***

Баласын эстеп, дикилдеген Алымкан артындагылардын бары-жогун унутуп, аркан бою алдыда келе жаткан. Ошондуктан алардын кыжы-кужусун уккан жок.

Кызмончоктон алыстаган сайын кадамы жайлап, кайра артына бурула каччудай кылчактай баштаган Асанды агалары эки каруусунан бекем кармап, дегдеңдетип жетелеп алган. Ошого ого бетер ызаланып келе жаткан Асан бир убакта:

– Коё бергиле мени! – деп экөөнүн колунан булкунуп бошоп алды. – Күнөөкөрдү кармап келе жаткансып… Эмне, киши өлтүрдүм беле?! Кармабагыла мени, өзүм басам!

Муну укканда ансыз да ачуусу келип араң келе жаткан Мукан кармана албай, калчылдап кетти:

– “Өчүм бачам!” деп! Өзүң кыйын бассаң шамалга учуп кетип, убара кылбайт элең го! “Жаманды төө үстүнөн ит кабат…” Анан да “өчүм бачам!” деп коёт!

Мунун баары жанына батып кеткендей кошо бакырды Асан:

– “Жаман” дейт тура! Бир кенедей кызды айылга батырбай, талаага таштап кеткен силер жакшы экенсиңер да, ээ?!

– Асан, биз Кызмончокту таштап кеткен жокпуз, анын өзүнүн каалоосу го? – деп Мукан ортого тура калды. – Болдугула эми. Тынч кетели. Тиякта ата-энелерибиз күтүп жатат, Бектемирдин абалы катуу…

– “Тиякта” деп! А биякта Кызмончоктун абалы жакшыбы?! – Асан экөөнөн жооп күтө, алмак-салмак карады да:

– Баргыла, бара бергиле! Мен барбайм, – деди артка кетенчиктеп.

– “Казга теңелип, карганын буту сыныптыр…” Эмне, талаада өлөйүн деп жатасыңбы?!

–Калыстын каңырыгы түтөп кетти. – Мээң ордундабы деги?!

– Калыс, кое турчу, – Мукан аны тыйды.

– Балким, Асандын да билгени бардыр. Эмнеси болсо да максатыңды ачык айтчы, Асан? Болуптур, сен кал, а биз ата-энеңе эмне деп айтып баралы?

– Эне-атама ошентип айтып баргыла, эгерде Кызмончокту кабыл алышса, барам.

– Сен ойлонуп айтып жатасыңбы?!

– Ойлонбой айткыдай, келесоо эмесмин!

Экөө бири-бирин карашты.

– Бас, кеттик! – бир маалда Калыс Муканды каруусунан тартып, алдыга басты. – Жүрү… “Эшекти отко айдаса, бокко качат”. Эмне болсо, ошо болсун. Чоңоюп калган тура, өз акылы – өзүндө! Мурдунан суусу акканда түшүнөт.

Капшыттан жылкынын азынаганы угулду. Актуяк адыраңдап, буларды карай дүпүлдөп чуркап келе жаткан.

– Мо-мо?! –Мукан менен Калыс аны утурлай басышты.

– Мо, Актуяк. Мо?!

Бая үрккөн боюнча алда кайда барып токтоп, андан бери от кууп кетип, эми ээсин издеп, ээри курсагына шыпырылып келген Актуяк буларга карап, окшуңдап токтой калды да, жогоруну карай ойт берди. Атты кубалап кеткен экөөнүн артынан: “Ооба, Актуяк эле силерди күтүп турат дейт!” – деп күңкүлдөгөн Асан Кызмончокту карай чуркады.

Билинбегени менен а жерден кыйла узап кетишиптир…

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (3-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.