Президенттикке талапкер болууга арыз бергендер 59 кишиге жетти

Президенттикке талапкер болуп катталуу менен БШКГа арыз берген жарандардын саны 59 кишиге жетти. БШКнын билдиргендей, алардын ичинен 48 жаран өзүн өзү көрсөтсө, 11 талапкерди партиялар көрсөтүшкөн.

БШКга 31-июлда «Бөлтүрүк» дыйкан чарбасынын башчысы Өмүрбек Бөлтүрүковдон, пенсионер Камил Токтобаевден, укук коргоочу Роман Ремневден, «Киргизпромтехнология» ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси Аскар Абышкаевден, ӨКМдин Мониторинг жана чукул кырдаалдарды божомолдоо департаментинин адиси Советбек Абыкуловдон, Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбековдон жана адвокат Марат Мергеновдон арыз келип түшкөн.

Талапкер катары өзү өзү көрсөткөндөрдүн арасында «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров дагы бар.

Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү 12де аяктады. Талапкерлерди каттоо 15-августтан кийин башталат. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси 10-сентябрда жарыяланат.