Бүгүн президенттикке талапкерлер тил сынагын тапшырышат

Бүгүн, 1-августта президенттикке талапкер болууга арыз берген жарандардын кыргыз тилинен сынак берүүсү улантылат. Бүгүн тизмеге ылайык, талапкерлер Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов жана Мукар Чолпонбаев тил сынагын тапшырат.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы билдиргендей, 26-июлдан тартып 11 талапкер тил сынагына катышты. Алардын ичинен Өмүрбек Бабанов эң жогорку 93,5 балл алса, талапкер Сайнидин Султанидинов эң аз 60,35 балл менен кыргыз тил сынагынан өткөн. Аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Ал эми талапкер Өмүрбек Текебаев иши сотто болгондуктан тил сынагын тапшыруу маселеси чечилбей, сынакка катыша алган жок. Ошондой эле дагы 2 президенттикке талапкер ушул тапта абакта экени айтылууда.

1-августка карата президенттикке талапкер болуп катталууга арыз бергендердин саны 59 кишиге жетти.

Эске сала кетсек, президенттикке талапкерлер Бишкек шаарындагы «Кыргызтест» борборунда сынак тапшырышууда.