Ысык-Көлдө автордук ырлардын эл аралык фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө 4-6-август күндөрү “Ысык-Көл таңы” деген аталыштагы автордук ырлардын эл аралык фестивалы өтөт. Фестивалга Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан меймандар чакырылган. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Фестивалга “Автордук ыр” аныктамасын кеңейтүү менен классикалык үлгүдөн тартып, фолк, латино, регти, ал гана эмес рок-баллад стилдерине чейинки автордук чыгармаларга катышууга уруксат берилген.

3 күн аралыгында от боюндагы отуруш жана жайкы таңды тосуу иш-чараларынын алкагында чыгармачылык мастер-класстар, чакан жеке концерттер уюштурулуп, гитара менен ырдоо, ошондой эле автор-аткаруучулардын сынактарын өткөрүү пландалган. Ал эми катышуучулардын чыгармачылык дараметине бир нече мамлекеттин өкүлдөрүнөн түзүлгөн эл аралык калыстар тобу баа берет.

Анын жыйынтыгында сынактардын катышуучулары менен меймандардын катышуусунда “Гала концерт” өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, фестиваль “Знаки” эс алуу базасында өтөт.