Жеңиш күнүндө өтө турган иш чаралар

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар уюштурулат? Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңиш күнүнө карата Бишкекте унаа жарыш, митинг-реквием, «Өлбөс полктун» жүрүшү өтүп, кечинде салют атуу менен жыйынтыкталат. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына карата 4-май күнү саат 10.00дө Биринчи Май акимиаты боордоштор мүрзөсүндө митинг-реквием өткөрөт. Ал эми саат 12- 16га чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында митинг-реквием жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. 5-майда саат 16.00 дө Жеңиш аянтынан Бишкек — Каракол маршруту боюнча авто жарыш старт алат. 6-майда саат 8.00дө Жаш Гвардия проспектисиндеги эстеликтин алдында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилет.

9-майда эртең менен саат 9.00дө Түштүк магистралда «Өлбөс полктун» жүрүшү башталат. Жөө жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш паркына чейин келип, иш-чара митинг-реквием менен уланат. Саат 10.00 дө Өчпөс отко гүл коюлат. Ал эми 10.45 де конокторго аскер тамагы берилет. Ушул эле учурда Шопоков көчөсүндө концерттик программа башталат. 10.00дөн 16.00гө чейин шаардыктар менен авто сүйүүчүлөр унаа жарыш уюштурушат. 50гө жакын машина «Бишкек» эркин экономикалык аймагы — Чыңгыз Айтматов проспектиси — Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөсү — Шабдан баатыр — Түштүк магистраль — Абдрахманов көчөсү — Абай көчөсүндөгү карылар үйү маршруту боюнча жүрөт. 21.00дө шаар тургундары менен коноктор эски аянт менен Мамлекеттик тарых музейиндеги фейерверкке күбө боло алышат.