Жээнбеков Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштери менен таанышты

1-август күнү Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жолдорду куруу жана оңдоо иштери менен таанышты. Борбордо 32 көчөнүн жолдорун жана 5 көпүрөнү куруу, оңдоо иштери жүрүүдө. Мындай маалыматты Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев айтты.

Маалыматка ылайык, жолдорду жакшыртуу боюнча атайын концепция кабыл алынган. Анын негизинде 1-фазада 49 көчө жана 7 көпүрө колдонууга берилери айтылды.

Курулуш иши Кытай мамлекетинен бөлүнгөн 478 млн юань гранттык каражаттын негизинде жүрүп жатат.