Талас: Мэрди күтө бербей, өкүл өзү киришти

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Тараз – Талас – Суусамыр жолун реабилитациялоо жумуштары Талас шаарынын борбордук Ч.Айтматов көчөсүндө жүрүп  жаткандыктан, автоунаалар башка жолдор аркылуу жүрүп, натыйжада ал асфальт жолдордун ой-чуңкуру көбөйдү.

Албетте бул шаардыктар гана эмес, жалпы облус үчүн көйгөй жаратты. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк өткөн жылы Тараз – Талас – Суусамыр жолун реабилитация иштерин жүргүзүп жаткан түркиялык фирмадан 200 тонна асфальт алып, шаардын жолдорун жамачылоону ишке ашырган.

Быйыл мэрдин аракетсиздигин көрүп, облус жетекчиси Д. Кенекеев кайрадан ишти өзү колуна алды. Ошентип, облустун төрт району жана Талас шаарындагы жол тейлөө ишканалары облус борборуна ашарга келишти. Талас шаардык мэриясы жумушчулардын жатакана, тамак-аш маселесин көтөрдү. Жол тейлөө ишканаларынан 5 ишкана өткөн ишембиде Талас шаарынын бардык көчөлөрүндөгү асфальт чуңкурларын бүтөө жумуштары менен алпурушту. Алардын техникалары даяр болгон менен эң негизгиси асфальт-битум менен камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Ч.Төрөкулов түркиялык фирманын асфальт-битум заводунда өзү жүрүп, ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө көп аракет жумшады. Түшкө чейин эле борбордук аянтка 20 тонна асфальт төшөлдү. Жалпысынан бул күнү 60 тонна асфальт заводдон алынды. Жумушчулар бир саамга да, тыныкпай иштешти. Жасалган аракеттерден улам көкүрөккө көк таштай тийген ойчуңкурлардын көпчүлүгү бүтөлүп, терс көрүнүш азая түштү.

Эми шаар мэриясы даярга тап болуп, жыл сайын өкүлчүлүктүн көмөгүн карап отура бербей, өзү да аракет көрүүсү зарыл. Алакандай шаарды иретке келтирүү шаардын ар бир жашоочусунан тартып, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин, шаардык кеңештин депутаттарынын милдети. Бирок шаар тургундары кайдыгерлик жасашат. Ал эми шаар бийлиги аракет жасабай келет. Талас өнүктүрүү фондунан Талас шаарына бөлүнгөн 43 млн. сом каражат бар эмеспи, неге ал каражатка Талас шаарынын көчөлөрүн асфальттоого болбосун? Эң кейиштүүсү мурдагы жылы республикалык бюджеттен Талас шаарына бөлүнгөн 43 млн. сом каражатка Бердике баатыр, Совет жана Ж. Мырзалиев атындагы көчөлөргө асфальт кууш төшөлдү. Совет көчөсү этегине чыга асфальтталбады, анткени бир далай асфальт Талас облустук ички иштер башкармасынын имаратынын алдына төшөлүп кетти. Жакында республикалык бюджеттен район борборлору болгон айылдардын ар бирине

13 млн. сомдон каражат бөлүндү. Эми кеп, каражатты үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланып калууда. Жүдөңкү тарткан район борборлорунун көчөлөрү бир аз болсо да жакшыра түшмөк.