Экономика бүгүн: Экспортту колдоого миллиондор

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


12-августта Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине эки жыл толот. Россия, Белоруссия, Казакстан жана Армения мамлекеттери бириккен интеграциялык аймакка кирүү боюнча сурамжылоого өз убагында жарандарыбыздын 80 пайызы “макул” деп жооп беришкен. Кандай гана интеграциялык процесстер болбосун ал өзүнүн оош-кыйыштарысыз, өткөөл мезгилисиз калыптана албайт. Мисалы, Евросоюзга биригүү идеясы 1953-жылы пайда боло баштаганы менен аны ишке ашыруу көп жылдарга созулган. Кыргызстан ири рынокко кирүү аркылуу тарыхый туура жолду тандап алгандыгын экономикадагы оң жагдайлар далилдөөдө.

ЕАЭБдин курамындагы эки жыл

2017-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен өлкө экономикасынын өсүшү 6,4 пайызга жетти. Ал эми “Кумтөрдү” кошпогондогу реалдуу өсүшү 3,1 пайызды түздү. Аталган мезгил ичинде бул Россияда 1,3%, Белоруссияда 1%, Казакстанда 4,2 % көрсөткүч берген. ЕАЭБ менен Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсү жалпысынан алганда 38,5 пайызга жетип, 874 млн. долларды түздү. Ал эми экспорт 30 пайызга өсүп, импорт 11 пайыз болууда. Импортко салыштырмалуу экспорттун көлөмүнүн жогорулашы экономикадагы оң факторду айгинелеп турат. Тышкы инвестиция тартуу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52 млн. долларга көп болду.

Жакында Бишкекте өткөн тегерек столдо Евразиялык экономикалык комиссиянын макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая: “Кыргызстандын экономикасы макроэкономикалык көрсөткүч боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында лидер болуп чыкты. 2016-жылдын жана үстүбүздөгү жылдын алты айынын жыйынтыгы менен да Кыргызстан интеграциянын башка мүчөөлкөлөрүнө салыштырмалуу экономикалык көрсөткүчү жогору бойдон келе жатат”, – деп белгиледи.

ЕАЭБ боюнча өнөктөш мамлекеттердеги тышкы факторлордун терс таасирине карабай, өткөн жылы жалпы экономикада алга жылуулар байкалды. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында алардагы инфляциянын жалпы көлөмү 3,5 пайыз менен 3,7 пайыздын ортосунда болду. Кыргызстанда болсо ал 2,8 пайызды түздү. Эмгекке жарамдуу калктын орчундуу бөлүгү Россияга, Казакстанга иштеп кетиши мактанчу көрүнүш эмес. Ошондой болсо да беш айдын ичинде мигранттардын акча которуулары 39 пайызга жогорулап, 695 млн. долларга жетти. Салыштырсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде которулган каражаттын көлөмү 499 млн. долларды түзгөн болчу. Ал жактагы мигранттарыбыз Россия менен Казакстандын жарандары менен тең укукка ээ болгондугу өз натыйжасын берип жаткандыгына ушунун өзү далил.

Бишкектин конуштары өз балабы, же өгөй балабы?

Ишкерлерди кубанткан долбоор

Экономикасы гүлдөп өнүккөн Малайзия, Япония, Түштүк Корея сыяктуу дүйнө мамлекеттеринин тажрыйбасы көрсөткөндөй, алар экспорт багытындагы ишканаларды колдоого алуу аркылуу өнүгүүгө кадам таштаган. Дүйнөгө белгилүү Samsung, Toyota компаниялары мамлекеттик жардамдын натыйжасында канат жайган. Кыргызстанда 2017-жыл экспортту олуттуу колдоонун жылына айланууда. Өкмөт беш жылдан бери агрардык тармакка жеңилдетилген кредиттерди берип, жыл сайын субсидиянын көлөмүн улам жогорулатып келүүдө. Алгачкы жылдары мал чарбасын, дыйканчылыкты субсидиялаган болсо, кийин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларга, үрөнчүлүккө, балык чарбасына, асыл тукум фермаларына жеңилдетилген кредиттерди берип, субсидиялоонун багыттарын кеңейте баштаган. Мына ушундай эле колдоону Өкмөт быйыл экспорт багытындагы ишканаларга берүүнү чечти. Коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоого мамлекеттик бюджеттен 350 млн. сом бөлүнүүдө. Анын натыйжасында жылдын аягына чейин ишкерлерге 3,5 млрд. сомго жакын каражат берилүүсү болжолдонууда.

4-июлда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Экспорт багытындагы жана импортту алмаштыруучу ишканаларды финансылоо – 1” долбооруна кол койду. Аны менен тигүү, тери иштетүү, бут кийим чыгаруу өнөр жайын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү компанияларын, логистикалык борборлорду, жогорку технологиядагы жабдууларды чыгаруучу ишканаларды ж.б. тармактар колдоого алына турган болууда. Кредиттин жылдык ставкасы 10 пайыз менен берилет. Буюрса, бул долбоор сентябрь айында иштей баштайт. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин гезитибизге билдиргенине караганда, жеңилдетилген кредитти алуучу экспорт багытындагы 216 ишкананын тизмеси бекитилген. Бүгүнкү күндө алардын дээрлиги экспорт багытында иштеп жатышат, эми алар өндүрүштүн кубаттуулугун көтөрүү үчүн Өкмөттүн колдоосуна ээ болушмакчы. Ал үчүн мурдагы кредитти кайтарууда артында чыры жок болушу керек. Туруктуу бренди барлары дагы сөзсүз колдоого алынат. Артыкчылыктуу болуп саналган текстиль жана айыл чарба азыктары тармактары аталган долбоордун кредиттеринен пайдаланары шексиз. Анын үстүнө постсоветтик республикалардын ичинен Кыргызстандын фискалдык саясаты ишкерлер үчүн кыйла артыкчылыкка ээ. А. Кожошевдин билдиргенине караганда, экспорт багытындагы субсидиялоонун көлөмүн Өкмөт 2018-жылы мындан да көбөйтүүнү көздөп жатат.

Бир жыл өттү, саясий баа берилүүдө

Элетти өнүктүрүү эми башталат

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарардын алдында, Экономика министрлиги эки жылдан бери сунуштап келе жаткан мыйзамды кабыл алып беришти. Мындан ары элет жериндеги дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнүн аймагына курулган жаңы ишканалар беш жылга чейин салыктын дээрлик бардык түрүнөн бошотулуп, соцфонд жана киреше салыгы гана калтырылат. Муну менен биз аймактарда жумушчу орундарын түзө алабыз. Миграциялык агымдар кыскара баштайт. Кыргызстанда төрт калктуу пункт бийик тоолуу статуска ээ. Ал эми 63 калктуу айылдар чек ара аймактары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнүн 82 пайызы мамлекеттин дотациясында турушкандыгын эске алсак, элеттиктер үчүн аларга жаңы түзүлгөн ишкананын жарыгы тиери бышык. Албетте, Өкмөттүн элет аймактарындагы ишканаларга артыкчылык берүү аракеттери дароо эле тегиз ишке ашып кете койбойт. Мамлекеттик колдоого ээ боло турган айыл өкмөттөрүнүн тизмеси дыкаттык менен тандалып алынат. Бул оңой эле ишке аша койчу нерсе эмес. Ошого карабай айталы, Баткенде же Нарындын алыскы аймагындагы экспорт багытындагы ишкана ЕАЭБдин рыногуна же жакынкы Кытайга продукциясын экспорттоп жаткан болсо сөзсүз колдоого ээ болот. Ишкана андан ары ийгиликтүү иштеп, жумуш орундарын түзүүнү туруктуу жолго коюп алса, салыктан бошотуу мезгили дагы узартылары каралууда. Өкмөт мындай кадамга барбаса, салыктардан корккон бизнес чөйрөсүн көмүскөдөн чыгаруу кыйын.

Элибиздин 65 пайыздан ашыгы элет жергесинде жашап, айыл чарбасы менен алектенет. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө айыл чарба тармагы Өкмөт тарабынан дотациялоого алынган. Россияда жалпы айыл чарбасын субсидиялоо 5, Казакстанда 8, Белоруссияда 12, Кыргызстанда 1 пайыз. Жакындан баштап, Өкмөт 20 чакан шаарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алды. Чакан шаарларды өнүктүрүүнү жолго коюунун максаты — региондогу айылдарды өзү менен кошо тартып кете алчу системаны түзүү. Аймактарды өнүктүрбөсө элдин ички, тышкы миграциясын токтотуу кыйын экендигин турмуш өзү далилдеп келет. Бизнестин 69 пайызы Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашып калган. Мындай фактор мамлекеттин тегиз өнүгүүсү үчүн өбөлгө түзө албайт. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган мамлекеттер региондорун өнүктүрүүгө финансылык жана мыйзамдык колдоолорду киргизишкени бекеринен эмес.

Президенттик шайлоо – 2017: Жумушсузсуңбу? Анда президенттикке талапкерлигиңди кой…

Бир дагы өлкө чет элдик инвестордун жардамысыз экономикасын көтөрө албаган. Тилекке каршы, республиканын айрым аймактарында инвесторго ыдык көрсөткөн жоруктар токтобой жатат. А.Кожошев бир чет элдик инвестордун тарткан кордугун айтып берди. Инвестор ишканасы жайгашкан айылдын көпүрөсүн, мектебин, бала бакчасын оңдоодон өткөрүп, социалдык пакеттерин иш жүзүнө ашырып берген. Андан кийин инвесторго жергиликтүү ишкерлердин бирөө келип, келишимде көрсөтүлбөгөн ишти аткарууну сунуштаган. Инвестор анын сунушуна көнбөй койгон. Ошондон кийин инвестордун автоунаасынын дөңгөлөгүн жарып салуу, айнегине таш ыргытып сындыруу сыяктуу окуялар кайталана берген. Инвестор акимге, айыл өкмөтүнө барып, коргоо таппагандыктан, Бишкекти көздөй сапар тартып, Экономика министрлигине келип датын айткан. Бул сыяктуу фактыларды укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алышы зарыл. Инвестор эң башкысы коопсуздукту карап каражатын алып келет.

Документи жок азыктүлүк төктүрүлүп салынат

Кыргызстандын фермерлери ташып барган жашылча- жемиштерди Россиянын аймагына киргизбей, кайра кайтарып жиберген окуялар улам кайталанып жатат. Министр Арзыбек Кожошев ушул көйгөйдү четтетүү үчүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүндү. “Кыргыз фермерлери фитосанитардык лабораториянын документи, товардын сапат сертификаты, техникалык регламенттин талабына ылайык экспорттоого коштоло турган кагаздарды толук албай Россияга кетип жатышат. Бүгүнкү күндө керектүү документтери жок бир дагы товар башка өлкөнүн чек арасынан өткөрүлбөй турганын жарандарыбыздын баары эле түшүнө элек. Мындан ары көп тонналаган фуралар менен жашылчаларды алып барып, тааныш-билиш аркылуу сата коём деген ойдон арылуу керек. Буга чейин Россия тарап товарды коштоочу документтери толук эмес унааларды артка кайтарып жаткан. Жакында Россиянын тиешелүү түзүмдөрү менен жолугушканыбызда алар мындан ары документи жок товарларды аёосуз төктүрүп салышарын катуу эскертишти. Фермерлерибиз маңдай тери менен тапкан оокатын чоң зыянга учуратып, банкрот болгусу келишпесе, интеграциянын талаптарына жооп бергидей экспорттоону үйрөнүүлөрү керек. Ошол эле учурда ЕАЭБдин талабына ылайык келбеген товарларды Кыргызстан тарап дагы кайра кайтарган мисалдар бар”, – дейт министр Кожошев.

One thought on “Экономика бүгүн: Экспортту колдоого миллиондор

Комментарии закрыты.