ӨКМ: Өткөн суткаларда Кыргызстанда 34 өрт чыккан

Өткөн суткаларда Кыргызстандын аймагында 34 өрт кырсыгы катталган.

ӨКМ билдиргендей, Бишкекте 31-июлда 13 өрт чыгып, Ош облусунда — 7, Чүйдө – 6, Ысык-Көлдө – 5, Жалал-Абадда – 2 жана Талас облусунда – 1 катталган.

Кырсыктардын негизги себеби отту этиятсыз мамиле кылуу, жабдууларды колдонуу эрежелерин бузуу, тамекинин калдыктарын өчүрбөй ыргытуу болгон. Өрттүн курмандыктары жок, негизинен турак жай имараттарына, айыл чарба түшүмө зыян келтирилген.