Акын, актёр, жазуучулардын баш паанегине айланган карылар үйү… келбес сапар… өлбөс кыргыз руху…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Сузактагы карылар үйүндө акын Алмаш Чойбекова каза болсо, Ысык-Атадагы карылар үйүндө актёр Калыйбек Назаралиев келбес сапарга кете берди. Карылар үйүндө…

Түшүнгөн адамга бул өтө кейиштүү окуя. Эл арасында акын менен актёрдун армандуу тагдырына күйгөн адамдар көп экен, алардын бири социалдык баракчасына: “Калыйбек байкенин уулу Мирлан, Чолпон Базарбаевдин уулу Нурлан болуп институттун кино факультетинде чогуу окудук эле. Мирлан менен Нурландын тагдыры окшош болуп, экөө тең жаш каза болушту. Эгерде Мирлан каза болбогондо, Калыйбек байке карылар үйүнө түшмөк эмес деп ойлойм. Анткени, ал атасын абдан жакшы көрчү, сыйлачу. Атасынын жолун жолдоп, киноактер болгусу келген. Кимдир бирөө бул тагдыр деши мүмкүн… Арийне, маданият адамдарынын өлкө тараптан таптакыр коргоосуз, колдоосуз калгандыгы – маданиятты барктаган коом жана өлкө үчүн бул кайгы.

Кечээ Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев, андан мурдарак СССР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмаш Чойбекова карылар үйүндө каза болду. Албетте, айтканга оозуң барбайт, бирок, бул башталышы гана… Алдыда дагы далай таланттар өмүрүнүн акыркы жылдарын карылар үйүндө өткөрүшү толук мүмкүн. Себеби, азыркыдай шартта искусство менен маданият өкүлдөрүнүн дээрлик көпчүлүгү өздөрүнүн бактылуу карылыгын камсыздай албайт. Анткени, сыртта балдардын дилин катырган катаал заман шуулдайт… Президенттик жарыштын алдыңкы сабында болсо буга чейин бир да жолу маданияттын алын сурап койбогон мансапкорлор, соодагерлер, даңгыттар баратат” деп жазып чыкты.

Экономика бүгүн: Экспортту колдоого миллиондор

Бири кем дүйнө деген ушул. Акын Алмаш Чойбекова эже Сузактагы карылар үйүндө келбес дүйнөгө эч кимге бары-жогу билинбеген, дегеле ал бул жашоого келбеген, жүрөк кылдарын черткен муңдуу кайрыктарга толгон ырларды эч качан жазбаган, окурмандар ошол ырлардын ыргактарында кыялданбаган тейде кете бериптир. Болбосо, акын эженин “Барам сага” деген ырын кимдер билбейт:

“Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,

Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.

Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,

Самашып сагынычымды уккан кезде

Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,

Ажарын жоогазындар ачкан кезде.

Кучактап бейкутчулук түн коюнун,

Күн сулуу уясына баткан кезде

Барам сага”.

Бул не деген керемет ыр, не деген ажайып саптар. Бул ырды окуп жатып да, угуп жатып да, сулуу кыздын капкара каректериндей болгон бүлдүркөндөр, тээ көктө шаңшыган бүркүттөр, бирине бири жөлөнүп, болор-болбос желге шуудураган үн чыгарып, обондун ыргагына көшүлгөн ак кайыңдар, алыстан жыты буркураган карагаттар, талаа бетин бербей жайнаган кыпкызыл жоогазындар, анан да ошол ажайып табият коштошо албай кыярып батып бараткан күн көз алдыга элестейт.

Себеби, сүйүүнүн күчү мына ошондой. Алмаш Чойбекова табияттын сулуулугун көз алдыга тартуу менен махабаттын керемет күчүн даңазалагандыктан “Барам сага” аябай күчтүү чыккан. Анан калса, таланттуу обончу Кадыралы Артыков “Барам сагага” ырдын өзүндөй керемет обон жаратып, ал обон хитке айланып, уккан сайын уккуңду келтирип, ыр менен обондун күчүн сыр кылганы ошондон.

Акын эженин башка эле бир ырын алалы. Бул ырга да обончу Кадыралы Артыков керемет обон жараткан. Бул саптар ар бир кыргыз баласына тааныш:

“Чачылып жатса шүүдүрүм,

Ак бермет болуп көктөмдө.

Эрксизден мөлт деп төгүлсө,

Экөөбүз басып өткөндө.

Ак жамгыр төксө шорголоп,

Арчага келсек корголоп.

Кекилик учпай жем издеп,

Азгырса бизди жорголоп…”

Алмаш Чойбекованын кайсы ырын окуба, мына ушундай элестүү эле. Табияттын көркүн көркөм сүрөттөөдөн эч качан тажачу эмес. Бирок, эмнегедир көзү тирүүсүндө акын эженин чыгармачылыгы тууралуу эч ким жылуу сөзүн айткан жок. Аты да көп аталбады. Акындын тагдыры кандай болсо, учурунда ырларынын тагдыры да куду ошондой болду. Болбосо, Алмаш Чойбекованын талантына жараша айтар сөзүбүздү убагында айтып, анын талантына жараша сый-урматыбызды көрсөтсөк жаман болмок эмес. Бирок, болор иш болду. Анын минтип Сузактагы карылар үйүнөн о дүйнөгө кете бергени кыргыз журтчулугу үчүн осолурак иш экенин айтпасак да түшүнүктүү чыгар.

Бишкектин конуштары өз балабы, же өгөй балабы?

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев 66 жашында Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүндө кайтыш болуптур. Карылар үйүнүн директору Бакыт Жунушевдин айтымында, К.Назаралиев карылар үйүнө 3 жыл мурун келген экен. Ага чейин актерлордун атайын жатаканасында жашаган имиш. Паралич, инсульт болуп, баса албай ооруп жүргөн экен, актёрдун көзү өткөн соң, баласы келип, сөөгүн Таласка алып кетиптир.

Нарын театрында 10 жылдан ашуун эмгектенип, орун-очок алып, СССР таркагандан кийин үй-бүлөсү менен борбор шаарга көчүп келген Калыйбек Назаралиев Бишкекте үй-жайдан, жумуштан кыйналганы айтпаса да түшүнүктүү, аны бөркүңүздөй көрө берсеңиз болот. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артистинин карыган чагында артисттердин жатаканасында жашаганын элестете берсеңиз болот. Мүмкүн, ошондон улам ал эрте карып, 63 жашында карылар үйүнө түшүп калган чыгар, мүмкүн башка да себептери бардыр. Айтор, эмнеси болсо да, эмгек сиңирген артисттин армандуу тагдыры кейишке салбай койбойт жана анын карылар үйүнө түшкөн карылыгы бир эле анын артында калган урук-тууганы үчүн гана эмес, бүтүндөй таластыктар үчүн намыстын иши деп ойлойбуз.

Өз мезгилинде Өтө Көкө уулу эл-жерине батпай Аксыга кетип, Жеңижок ырчы атанып, Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок ырчы аталган. Манас баткан Таласка Эшмамбет ырчы батпай, бүт өмүрүн Кетмен-Төбөдө таякелеринин жеринде өткөргөн. Акын Арзымат Таласка батпай, анын сөөгү да Кетмен-Төбөдө калды.

Заман өзгөрдү, баалуулуктар алмашты. Акыркы жылдарда карылар үйү акын-жазуучулар менен актёрлордун үйүнө айланып барат. Дегенибиз, ысымдарын айтпайлы, ушу бүгүн да карылар үйүндө жашап жатышкан, кезинде кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов чыгармачылыгына бийик баасын берген жазуучулар бар. Мына мунун өзү адабиятка жана маданиятка жасаган текебер жана кайдыгер мамиле эмей эмне?

One thought on “Акын, актёр, жазуучулардын баш паанегине айланган карылар үйү… келбес сапар… өлбөс кыргыз руху…

Комментарии закрыты.