Оозу ачык кудукка түшүп кеткен эки жигит куткарылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 31-июль күнү 1988-жылы туулган эки жаш жигит кызуу абалда оозу ачык турган кудукка түшүп кетишкен. Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары аркан менен алып чыгарып коюшкан.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, учурда жигиттердин абалы жакшы. Алар эч кандай олуттуу жарат алышкан эмес.