2-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет берген маалымат боюнча 2-августта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31 градус ысыйт.

Ал эми Бишкек шаарында 2-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус көтөрүлөт.