Токолдун баласындай томсоргон троллейбус тармагы

Эл чындыкты билсин

Ар жылы Бишкек мэриясы коомчулукка коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча аракеттерди жасап жаткандай түр көрсөтүп келет. Бирок Бишкекти ыш каптап, микроавтобустар жол тыгындарын пайда кыла баштаганда шаар бийлиги электробустарды (биз эмес учурда Россия, Казакстан электробустарды өздөштүрө албай жатат. Себеби, электробустарды жүргүзүү үчүн миллиондогон долларларга электроподстанцияларды куруп, ага адистерди даярдап, кошумча каражаттарды сарптоо керек), газ менен жүрө турган автобустарды сатып алуу “жомогун” айта баштады. Колдо бар алтындын баркы жок болуп 70 жыл илгери курулган троллейбус тармагына маани берген киши жок. Троллейбус паркын өркүндөтүүгө алынган кредиттер кумга сиңген суудай жоголгону аз келгенсип, мамчиновниктер туш тараптан кыскандыктан бул тармак акырындап өлүп бара жатат. Жүргүнчүлөр көп баткан троллейбустарды көбөйтүп, айдоочулардын, жумушчулардын маяналарын көтөрүп, троллейбус тармагын тейлеген мурунку адистерди жана айдоочуларды кайтаруунун ордуна бул тармакты шаар бийлиги кыскандан кысып келе жатат. Бул тармактын акыбалын минтип сүрөттөр менен ачып берүүнү туура көрдүк

1)Бул жер азыркы Чыңгыз Айтматов проспектисинин жээгиндеги (эски Аэрофлот агенттиги) троллейбустар айланып чыга турган линиянын орду. Ал мурдагы мэр Албек Ибраимовдун тушунда (2016-2018-жылдар) белгисиз себептер менен сатылып кеткен. Айланма жолдун түбүнө бул заңкайган 11 кабаттуу үй курулган соң троллейбус айланма жолунун аянтын минтип электр подстанциясы, киоскилер ээлеп калган. Мурда бул жерден 5-14-троллейбустар бурулуп турган. Кокус Жал микрорайонунун жолдору оңдолуп кала турган болсо троллейбус жолу толук буулат дагы студенттер, шаардыктар, пенсиорнерлер Жал микрорайонуна троллейбус менен бара албай калышат. Бул айланма линияны курууга болсо мамлекет бир кезде миллиондорду сарптаган.

2)Бул болсо 6-микрорайондогу  троллейбустар токтоочу жай. Кезинде бул жердин да аянты кенен болгон жана бул жерге союз кезинде чоң 3-троллейбус паркын куруу пландаштырылган. Парк курулуп калса троллейбустардын бир бөлүгү 1-2-паркка чейин барбай эле ушул жайга да токтотулмак. Кошумча троллейбус линиялары тартылып коомдук транспорт да өнүкмөк. Аны жасоонун ордуна мурдагы мэр Нариман Түлеев 6-микрорайондогу троллейбус линиясын бул жерден “Асанбай” микрорайонуна чейин узартып, акыркы аялдаманы ошол жакка жайгаштырган. Бул жердеги бошогон жерлерге кийин дүкөндөр, ресторан (ээлери ким экени белгисиз) салынган. Кийинчерээк бул жерге кошумча жеке менчик мончо, билярд ойноочу жай, автоунаа жуучу жай, унаа токтотуучу жайлар курулуп отуруп азыр троллейбустар араң айланып чыгуучу алакандай жер калган. Ал аз келгенсип шаардык линиядагы 195-микроавтобустун акыркы аялдамасы дагы ушул жерде. “Асанбай” микрорайонундагы троллейбустар токтоочу жай болсо троллейбустарга өтө тардык кылат.

3)Ал эми бул жер “Аламүдүн” базарындагы элдин суроосу менен 8-11-троллейбустар кирип чыгыш үчүн курулган айланма линия. Бир кезде мэрия элдин мүдөөсүн аткарыш үчүн атайын ушул линияны мамлекеттин акчасына курдурткан. Тилекке каршы, бул жерди эбак эле “Аламүдүн” базарынын капчыгы калың базаркомдору акы төлөнө турган,өтө чоң кирешелүү унаа токтотуучу жайга айландырып алышкан (ошол кезде шаар мэри Иса Өмүркулов эле). Учурда 8-11-троллейбустар “Аламүдүн” базарына кире албайт. Бул унаа токтоочуучу жай базардын жанында болгондуктан күнүнө жүздөгөн, миңдеген айдоочулар акы төлөп унаасын токтотушат. Бул жерди троллейбустар кенен айланып өтө турган кылып бир күндө тазалап коё турганга мэриянын кудурети жетсе дагы аны негедир жасабай келет.

4)Бул болсо ИИМ академиясынын жанындагы территориясы өтө кенен, базасы чоң, 150-200 троллейбус кенен бата турган Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын 2-паркы (Чүй проспектиси 14). Бир жылдары бул жерден 100гө жакын троллейбус линияга чыгып турган. Азыр минтип ичинде бузулган троллейбустар тизилип турат. Бул парктан линияга болгону 50дөй гана троллейбус чыгарылат. Бул парктын маңдайындагы  жаш айдоочуларга ылайыкташкан 4-кабаттуу жатакана дагы бир кездеги мэр Борис Силаевдин убагында менчиктештирилип кеткен.

5) Бул жер Лермантов  көчөсүндөгү троллейбустар кайрыла турган жай. Бул жерге да капчыгы калың кимдир бирөөлөр көз артып жатканы тууралуу маалымат бар. Учурдагы шаар мэри баарына чекит коюп, орду-ордуна коюп тартипке келтиреби же “көзүм көрбөсө …. бөрү жесин” кылабы аны убакыт көргөзөөр.

 

Совет уулу Мелис,

“Кыргыз Туусу”  

0 Поделились