“Жүндөн курулуш материалын жасаса болот”

Эптүүлөр элетте

Учурда жумушсуздукту шылтоолоп жаштардын баары эле Бишкекке же чет өлкөлөргө качышат. Бирок, эбин тапкандар элетте деле мыкты жашап, ал тургай айылдаштарын да багып жатышат. Климатынын катаалдыгынан улам “беш ай бейиш, жети ай кейиш” болгон Ат-Башыда жашылча, жер-жемиш өстүрүп, эл өрттөп жаткан жүндү иштетип жаткан чыканактай кыргыз кызы Бегимжан Молдобаева бизге буларды айтып берди. Анын кылган ишинен сабак алсак болчудай.

“Жер-жемиштерибизге курт түшкөн жок”

— Апам эл аралык уюмдар уюштурган долбоорго катышып калып, мурдагы жылы эксперимент катары капуста айдаганбыз. Уругун кеч отургузуп калгандыктан капусталарыбыз кичирээк болуп калган. Былтыр февраль айында калемпир, жандоо, капуста, бадыраң, помидордун уруктарын үйдөгү идиштерге отургузуп, жалбырак байлап  калганда күнөсканага котордук. Капустаны өзүбүзгө ылайыктап 1 сотыхтай жерге эле айдаганбыз. Алган түшүмүбүз кийинки жылдын капустасы бышканга чейин жетти. Бузулуп кетпес үчүн капустаны биз төрт-бешке бөлүп, чоң муздаткычка тоңдуруп алдык. Тоңгон капуста эч качан сапатын, пайдалуулугун жоготпойт экен. Аны кайнак сууга салып койсо эле жаңы үзүлгөн капустадай болуп калат. Ошентип эки жылдан бери капустаны жумуртка менен кууруп, башка тамактарга да кошуп балдарга берип жатабыз. Балдар аны аябай жактырып жешет экен.

Башка жашылчалардан айырмаланып, брокколи(түстүү капустанын бир түрү) менен кадимки капустанын көчөтү ачык жерде деле жакшы өсөт экен. Аны талааларга кеңейтип айдап, элге жайылтса болгудай. Азыр бизде брокколи менен капустанын килограммы 100-150 сомдон сатылат.

Мындан сырткары ашкабак, патиссон, кабакча(кабачок-ашкабактын бир түрү) дагы бир эки түп, бир аз жерге кулпунай да айдаганбыз. Буюрса түшүмү жакшы болду. Күнөсканадагы жер-жемиштер аттын, уйдун кыгына эле өстү. Салкын болгондуктанбы, айтор помидор, кулпунай, капустага Чүйдөгүдөй курт түшкөн жок. Климаттын, экологиянын таасиринен уламбы биз айдаган кызгылтым (розовый) помидор абдан даамдуу болду. Баарынан кызыгы, күнөсканага Чүйдүн кызгалдагынын уругун отургузуп койгонбуз. Аны кийин сыртка чыгарсак жайдан кеч күзгө чейин бир нече жолу гүлдөдү. Чүйдө болсо кызгалдак бир гүлдөп эле токтойт эмеспи.

“Жаңы жылда өзүбүздүн помидорду жейбиз”

-Мурда 6 кишини коноктош үчүн салатка эле 3000 сомдой акча сарпталчу. Чакан күнөскана жасагандан бери баары өзүбүздөн болуп, 6 кишинин салатына болгону 500 сом(кошумча ингредиенттерине) коротуп калдык. Көк помидорлорду коробкаларга салып караңгы жерге коюп койсок ал өзү эле бышып калат. Ошентип жаңы жылда да өзүбүздүн помидорду жей баштадык. Айылыбызда азыр биздей жашылча, жер-жемиш өстүргөн отуздан ашык үй-бүлө бар. Эки жылдан бери алар дагы өзүнүн бадыраңдарын туздап жабышып, помидор, капуста, кызылча, ашкабактарынан кышкыга түрдүү салаттарды жасап калышты. Өз кулпунайларынан варенье жасагандар да көп. Айрым айылдык апалар помидор, бадыраң, капусталарын туздап, банкаларга жаап алып сатып жатышат. Быйыл 3 литрлик банкадагы туздалган помидор, бадыраң, капуста 250 сомдон сатылды. Мындан сырткары сатыкка укроп, петрушка, кинза да чыкты. Биздин айылдагы помидордун сорту, даамы жакшы болгондуктан алармандар дагы жактырып алып жатышат. Эгер күнөсканаларды атайын материалдар менен салып, жылытуусун жакшы жасап алса кирешелүү эле болгудай. Азырынча, Кара-Булуң айылында күнөсканаларды колдо болгон материалдар менен эле чакан кылып куруп жатышат. Менимче, Ат-Башыда заманбап күнөсканалар курулуп, бул иш кеңейтилсе теңир-тоолуктардын тамак рациону жакшырып, экономикабыз да кыйла көтөрүлөт эле.

“Жүндөн курулуш материалын чыгарса болот”

-Өткөндө айткандай учурда айыл жеринде кийиз жасагандар өтө аз. Анын үстүнө кийиз жасоо, кийизден бир нерсе тигүү өтө машакаттуу иш. Ошол эле кезде Кыргызстанда кол менен жасалган эмгек көңүлгө жаккыдай бааланбайт. Ошол себептен биз өзүбүздө иштетилип чыккан таза терилерди кийизге айкалыштырып заманбап ноутбук, чөнтөк телефон каптарын, сумкаларды чыгарсакпы деп жатабыз. Буюрса онлайн магазин ачып ички рынокко, Европага ушундай продукцияларды чыгарып көрөбүз. Ошондой эле буга чейин биз кылчык, начар жүндөрдү иштетпей эле турганбыз. Ошолордон үндү, жылуулукту сактай турган курулуш материалын чыгарсакпы деген оюбуз бар. Ал үчүн жүнгө күбө, чычкан жебегидей кошулмаларды кошуп туруп техникалык кийиз чыгарышыбыз керек. Азыр ушунун үстүндө изденип жатабыз. Иликтеп көрсөк башка өлкөлөрдө жүндөн ушундай курулуш материалдарын чыгаргандар бар экен. Муну ишке ашырыш үчүн чоң каражат керек. Азырынча бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Бирок, келечекте Кыргызстанда жүндөн жасалган үйдү жылуулай турган курулуш материалы чыгып каларына ишенем.

 “Кийиз жасоо машакаттуу иш

-Биз иштетип жаткан аппараттар СССР маалында чыгып, эскилиги жеткендиктен жүндү кайра иштетүү негизи эле аябай кооптуу. Ошондуктан техникалык коопсуздукту сакташ керек. Биздин районго бирөөлөр да жүн тыткан аппарат алып келишкен. Техникалык коопсуздукту сактабагандыктан андан кырсыкташып кайра сатып жиберишти. Ошондон улам биз дагы азыр станоктордон сактанып, аралыктан туруп иштегидей кылып жасап алганбыз. Аппараттардын кооптуу жактарын тор менен жаап, цехке балдарды, чоочун кишилерди да киргизбейбиз. Жүн иштеткен аппараттар кооптуу болгондуктан башында атам экөөбүз да аны иштете алабызбы же албайбызбы деп бир топ коркконбуз. Акырындап коркууну жеңип, ишибизди баштап алдык. Азыр коопсуз, заманбап аппараттарды алганга аракет кылып жатабыз. Учурдагы техникаларыбыз эски болгондуктан жүн иштеткенден кийин аны тазалап, майлаганга эле эки сааттай убакыт кетип жатат. Адамдар азырынча жүндү иштетүүгө даяр эмес болгондуктан жүндүн арасына темир-тезек, жыгач, кийим-кече жана ар кандай нерселерди кошуп жиберишет. Андай нерселер биздин станоктордун ийнелерин, тиштерин талкалап коюп жатат. Кээ бир учурларда адамдар сорттолбогон жүндөрүн алып келишип чыккан кийиздерге нааразы болушат.

Биздеги эң чоң көйгөй азыр койлордун жонуна сыр, кара чайыр (смола) менен коюлган белги. Бул жүндүн да, кийиздин да сапатын бузуп коюп жатат. Биз канчалык эскертпейли эл кайдыгерликке салып жүндү кыкка, ыпыр-сыпырга аралаштырып, ар кандай түстөгү жүндөрдү аралаштырып алып келип жатышат. Аны сорттоп, тазалаганга бери болгондо бир жума убакыт кетет. Ушунун баарын эске алганда азыр туурасы 1 метр 80 сантиметр болгон кийиздин бир метринин өздүк наркы 500 сом. Азыркы кымбаттолорду, өзүбүздүн мээнетибизди кошкондо кийиздин бир метрин 650-700 сом кылдык. Ошондо туурасы 1 метр 80 сантиметр, узуну 4,5 метр келген кийиз 2800-3000 сом болуп калат. Ал эми боз үйдүн ушундай эле көлөмдөгү кийизи 4500 сомго чейин барат. Анткени ал калың(өрө кийиз-калыңдыгы 1 сантиметр) болгондуктан үч кийизди бир жасагандай болобуз.

Азыр кардарлар кийизди станок өзү эле жасап койгондой ойлошот. Чынында кийиз жасоо өтө машакаттуу оор иш. Көп иш кол менен эле жасалат. Ошентсе да бир кезде апаларыбыз жасаганга салыштырмалуу азыр кыйла жеңилдеди. Кыскасы, азыр иштейм дегенге айылда иш толтура. Болгону, элеттиктер өзүбүз өтө жалкообуз. Айрым адамдарга бизге келип акча таап алгыла десең иштегилери келбейт. Бирок, алар көп учурда бош эле жүрүшөт.

 

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”                 

0 Поделились