Балбан Акбар Кенжебек уулу дүйнө чемпиондугунда коло медал алды

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Акбар Кенжебек уулу Финляндияда өткөн Дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш бирикмеси билдирди.

Чемпионатта Акбар Кенжебек уулу 50 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Мелдеште эркин күрөш боюнча 4 комплект медаль ойнотулган.

Бул аталган турнирдеги Кыргызстандын биринчи медалы болуп саналат.