Кышкы туризм Кыргызстандын келечеги

Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүгө 320 млн. сом бөлүп бергенин Швейцария элчилиги кабарлады. Долбоор боюнча бул каражат лыжа, коньки тебүү жана карда басууну жайылтууга жумшалат. Туризм департаментинин директору Кыял Кенжематованын айтымында мындай бирдиктүү аракеттер менен өлкөнү дүйнө жүзүнө таанытып, кышкы туризмди өнүктүрүүнүн эффективдүү механизмин түзүүгө болот. Швейцария элчиси Оливье Бангертер болсо туризм Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги фактор болорун кошумчалады.

0 Поделились