Кең дүйнөнү кучагына батыргысы келген Акбар

Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акындардын катарына мен “Жолуккум келет сага” аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен адабият астанасын аттап жаткан Акбар Жанышбековду кошкум келет.

Бир карасаң, Акбар кечээ гана колуна калем кармап, адабият айдыңына жол издеп чыккан жаш талапкер, бир карасаң калемсабын туу, табылгаларын (ырларын) ага байрак кылып, такшалып калган калемгерлер арасында улам бир жерден көрүнө калып, өзүнө гана таандык жумшак тили, ички ойтуюмунун тунуктугу, жагымдуу уйкаш ыргактары менен окурмандарына руханий кубаныч чачып, айгай салып, ошол эле убакта “өр талашкан чоң жолдо ырларына өмүр тилеп” кетип бараткансыйт:

“Бул турмуштун агы бар, карасы бар,
Буюктуруп бук кылган санаасы бар.
Өр талашкан чоң жолдо акын келет,
Өмүр тилеп ырына бала сымал…” – дейт ал “Акындардын жүрөгү” деген ырында.

“Кээде ыр издеп, дубанадай ак уруп,
Кеп гүлдөрүн дүйнөсүнө чакырып.
Келет жашап бул турмушта акындар,
Кең дүйнөнү жүрөгүнө батырып…” – дейт.

Мына, анын ыр сүйгөн, ыр сыйган жан дүйнөсүндө, сезим-туюмунда акын деген ушундай кең болуш керек. “Кыялкечмин” деген ырында айткандай, анда мындай кулк-мүнөз бар:

“Кыялкечмин, сезимдерим ошондой,
Кызыгамын, сан ойлордон бошонбой.
Кээде мейкин, кең өзөндөй чалкыйм да,
Кээде түнтмүн, жан кире алгыс токойдой…”

Акбардын курагында Алыкул кыргыз поэзиясы үчүн опол тоодой эмгек жасап койгон, ал мезгил менен жарышкан, шашкан… Көзгө илээшпей зыпылдап учкан убакытты, жаштыкты, деги эле өмүрдү бекер өткөрүп жибербей, артына из калтырууну дегдеген. Бул – чыныгы чыгармачыл адамга, анын ичинде чыныгы акынга таандык сапат. Мындай сапат убакыт менен эрегишүү Акбардын ырларында да ак маржандай “жылт” этет:

“Мезгил! Мынча ылдам бара жатасың,
Мээрим кылбай, айтчы, кайда шашасың?
Пейилиңди кенен салып күтө тур,
Пенделериң оңдоп алсын катасын.
…Жаңылгандар сезсин жаңылгандарын,
Жалгап алсын жашоосунун калганын.
Жанын койбой жазгырба да, шаштырба,
Жалгыз сенин ошол болсун жардамың…”

Акбардын ырларын окурманга жагымдуу кылган дагы бир жагдай – анын талантына кошул-ташыл, ички маданиятынын бийиктиги, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, ата-энеге болгон, жашоого болгон, эли-жерге болгон сүйүүсү, ошол эле убакта ашыктык сезимине болгон аруу, аялуу мамилеси. Болбосо, компьютер менен интернеттин заманында жаш муундардын көпчүлүгүнүн жандүйнөсү мындай асылдыктардан өксүк экени жашыруун эмес. Энеге арналган ырында:

“Уул таптым, тегиз, – деп, – телегейим,
Элжиреп эзилгендир эбедейиң.
Балкып бала жытына жаткандырсың,
Батпай бактың үстүнө Жер-Эненин.
…Өксүбөй өстүм апа, журт алдында,
Өзүңдөн өзгөчө укмуш кут алдым да.
Бейиш издеп жалгандан эмне кылам,
Берекем, бейиш жатса бут алдыңда”.

Жаштыктын эле эмес, адамзат доорунун эскирбес сүйүү темасы анда байма-бай. Азыркы учурда башка темадагы, башка мазмундагы ырларына караганда ашыктык ырлары чыгармаларынын басымдуу бөлүгүн ээлейт.  Бирок жөн эле күйдүм-сүйдүм деген маанисиз күйүп-жануулардын ордуна ал сүйүүнү таза, ыйык тутууга, анын кереметин туя билүүгө, бул сезимди – күнүмдүк көңүл ачуу, байлыкбийлик сыяктуу ж.б. кызыкчылыктар менен адаштырбоо керектигин тымызын эске салып турат:

“Суу болуп нөшөр жамгырда,
Суукта күйүп-жандым да,
Суйкайып күтөт деп барсам,
Сумсайып тосуп алдың да.
Көргөндө кеттим чыйрыгып,
Көкүрөк кургур сыйрылып.
Көрмөксөн болдуң түгөнгүр,
Көркүмдү барсам гүл кылып…”

Мына ушул өзү тууралуу айткан акыркы сап менен экинчи каармандын – кыздын кулк-мүнөзүн ачып берип койгон. Арийне, гүл көтөрбөй, гүл ордуна таза сезимин аздектеп көтөрүп барган жигиттин кадырын кооздукка, жылтыракка кызыккан каарман калтыракка түшүнбөй, жеңил ойлуулук кылган образды чагылдырат. Окурманга мына ушундай туюм берет. Акбардын ырлары дүнүйөдөн, мансаптан – адам көңүлү, сүйүүсү, чын жүрөктөн чыккан мамилеси канчалык кымбат экенин эске салат.

“Сен неге көңүлүмдөн, көкүрөктөн,
Үлбүрөгөн үмүттөй үзүлбөйсүң.
Саргартып сезимдерди бариктердей,
Өмүрдүн эрте келген күзүндөйсүң.
…Жалбарып жалынычтуу карасам да,
Көзүмдөгү сүйүүнү түшүнбөйсүң,
Бүткөн бир айрым ойду билдире албай,
Чекитке жете бербес үтүрдөйсүң…” – дейт “Сен” деген ырында.

Албетте, бул пикир аркылуу автордун ар бир ырына анализ берүү мүмкүн эмес. Ошол эле убакта анын ырларынын баары эле кемчиликсиз деп айтууга да болбойт. Кандай болгон күндө дагы кыргыз поэзиясынын уучу куру эмес, тээ алысты айтпаганда эле Алыкулдун, Мидиндин, Байдылданын, Эсенгулдун, кечээги эле Сүйүнбай менен Сооронбай ж.б. акындардын көчүн, улуттун уңгусун улай турган жаштардын бар экенине каниет…

Ак жол, Акбар. Чыгармачылык сапарың узак жана бактылуу болсун.