Кыргызстандын БУУга мүчөлүк акы үчүн карызы жок

Кыргызстан БУУ на мүчөлүк акысын төлөгөн 39 мамлекеттин катарына кошулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда, БУУ нун штаб-квартирасында Генералдык ассамблеянын бешинчи комитетинин жыйынында генералдык катчынын орун басары Ю.Такасу мүчөлүк акысын толук жана убагында төлөгөн 39 мамлекетке ыраазычылык билдирди. Аталган мамлекеттердин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Кошумчалай кетсек,  бул тизмеге Австралия, Канада, Китай, Дания, Финляндия, Германия, Индия, Италия, Япония, Нидерланды, Новая Зеландия, Сингапур, Испания, Швеция жана Швейцария сыяктуу мамлекеттер кирген.