Жарк этип чыга келген жаңы жылдыз – Нурайым АКЫЛБЕКОВА-ВИДЕО
Азыр маалыматтын, интернет технологиясынын заманы. Ага ылайык ар кимибизге чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген мезгилде жашап жатабыз.
Айталы дегенибиз, миң күү черткен Ниязалы Борош уулу баштаган алп таланттардын мекени Аксы жергесинен дагы бир таланттын дареги чыгып жатат. Ал 11-класстын окучуусу, булактын шыңгырындай тунук үнү менен комуздун коштоосунда кыргыз ырларын жерине жеткире ырдаган – Нурайым Акылбекова. Нурайым дал ушул интернет аркылуу өз талантын өзү ачты десек болот. Ал буга чейин өзүнүн аткаруусундагы ырларын интернетке жайгаштыруу менен социалдык тармактардын жылдызына айланып, жүз миңдеген көрүүчүлөрдүн, атургай коңшу казак элинин сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды.
Келечектүү булбул үндүү кызыбыз учурда Казакстандын туңгуч жеке менчик КТК телеканалына чакырылып, эфирге тартылууда.
Нурайымдын “Кыргыз Туусуна” берген маалыматына караганда, өнөр баккан таланттуу үй-бүлөдө тарбияланган. Башкача айтканда, бешиктен бели чыккандан эле ырдап келе жатат десек да болот. Муну буга чейин эч жерде көрсөтүлбөгөн, Нурайым өзү айткандай сары майдай сактап келген, биринчи класстагы бул видеосу тастыктап турат. Нурайымдын жеке уруксаты менен ушул видеосун жана азыр Казакстанда хитке айланып, көрөрман-угармандарын тамшандырып жаткан, анын аткаруусундагы Сыймык Бейшекеевдин “Жакшынакайым” деген ырын сайтыбызга жарыялап отурабыз.
Кылым жашындагы “Кыргыз Туусу” гезити, таланты таш жарып келаткан Нурайым кызыбызга ак жол каалап, ак батабызды беребиз. Ылайым суук көздөн, албын сөздөн сактасын! Өнөр жолундагы басаар жолу узак жана жемиштүү болсун! Өзүнө чың ден соолук, албан ийгиликтерди каалайбыз жана ушундай талантты тарбиялаган ата-энесине, үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребиз.
(Тубаса талант Нурайым Акылбекова тууралуу кеңири маалыматты “Кыргыз Туусунун” жума күнкү (10-декабрь) санынан тааныша аласыздар.
Айгерим Качкынбекова,
“Кыргыз Туусу”