Казакстанга автоунаа менен жүк ташуу 13 эсе көбөйгөн

Жыл башынан бери Казакстанга автоунаа аркылуу жүк ташуу 13 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо Транспорт министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, Орусияга автоунаа менен жүк ташуу 2,5 эсе, Белоруссияга 5 эсе жогорулаган.

Ошондой эле, аба жолдору жана темир жол аркылуу жүк ташуу көрсөткүчү дагы өскөн.

— Жүк ташууда Казакстан тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Ал эми темир жол менен Өзбекстандын аймагы аркылуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына жүк ташууда маселелер бар, — деди министр.