Бабанов шайлоо фондунан 20 млн сомдон ашык каражат коротту

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын шайлоо фонду тууралуу акыркы маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык 31-июлга карата «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун фондуна 32 млн сом которулуп, анын 20 млн сомдон ашыгы коротулса дагы 11 млн сомдон ашык каражат капчыгында турат.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин шайлоо фондуна 5 млн 500 миң сом түшсө анын 3 млн сомдон ашыгы сарпталган. Ал эми учурдагы премьер-министр, Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун фондуна туура 3 млн сом түшүп, 300 миң сомдон көбү коротулган.

Шайлоо фондуна эң аз каражат коротулгандардын катарын Замира Муратбекова менен Нусрет Мамедов толуктайт. БШКнын сайтындагы маалымат боюнча Муратбекованын капчыгында 391 сом, Мамедовдукунда болсо 520 сом бар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз бергендердин саны 59га жетип токтоду.