ВИДЕО-Эльзар Өскөнбева: “Комуз, дегеле музыка бүтпөс кенч”

Өнөр

Эл ырчысы Эстебес” тобунун таланттуу ырчысы – Эльзар Өскөнбева окурмандарыбызга жакшы белгилүү. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтунун салттуу музыка жана фольклор факультетин аяктап, Замирбек Үсөнбаев, Роза Аманова устаттарынан таалим алган таанымал ырчы, көп жылдардан Улуттук филармонияда өнөр тартуулап келет.

 Беш күн концерт бердик

 -Жакында эле “Эл ырчысы Эстебес” тобу беш күн концерт бердик. Бул концертке күнү-түнү даярдандык. Эмгегибиз текке кеткен жок, келген элдин колдоосу буга чейинки чарчоолордун баарын жууп кетти. Мындан сырткары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде мугалим болуп эмгектенем. Студенттеримдин модуль, сессиялары жакындап калгандыктан катуу даярдыктабыз.

Айылымдын тоолору бийик, абасы таза

 -Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылынан болом. Туулуп-өскөн айылымдын жаратылышы аябай кооз, тоолору бийик, абасы таза. Ата-энем пенсия курагында, уул-кызынын төрүндө урмат-сый көрүп жаткан учуру. Алты бир тууганбыз. Ата-энем баарыбызга билим алууга шарт түзүп беришти. Кудайга шүгүр, азыр ар бирибиздин жумушубуз бар.

Эже-сиңдилерим менден да жакшы ырдайт

— Чоң ата, чоң энелерибиз чоң комузчу болушкан экен. Өзүмдүн чоң апам аябай жакшы ырдачу. Кошокту келтире кошуп, санжыра айтып, ооз комузда да жакшы ойногон. Мындан сырткары тай жагымда да таланттуулар бар. Балким, мендеги өнөр ушулардан өткөн чыгар. Негизи, үй-бүлөбүздө мен жакшы ырдайм деп айта албайм. Бир тууган эже-сиңдилерим менден да жакшы ырдашат. Болгону  искусствону аркалап, алып кеткен мен болдум. Гүльзар деген эжем ырдап калганда, тааныштарыбыз тамашалап калышат: “Эльзар менен Гүльзар алмашып калган го”, -деп (күлүп). Анткени, Гүльзар эжемдин үнү аябай жакшы.

Өзүм 5-6-классымда комуз кармадым. Ошол убакта комузда укмуш ойнойм деп жүрчүмүн. Көрсө туура эмес ойночу экемин. Анда азыркыдай комуз ийримдери да жок эле. Айылда математик Мелис деген агайым комузда кол ойнотчу. Ага барып эки күү үйрөнгөм.

Кийин окууга тапшырар алдында атам тамашалап күлүп калды: “Бюджетке өтсөң оку, контракт болсо окубай эле кой”,- деп. Кудай жалгап бюджетке өтүп кеттим. Жогорку окуу жайды аяктап, артыма бир кылчайсам, 5 жыл билим алуу аздык кылгандай сезилди. Улантайын десем иштеп, турмуш куруш керек дегендей. Анан 4-5-классымдан эле музыкадан билим алып баштасам болмок экен деп калдым. Себеби, комуз, дегеле музыка ачып бүткүс кенч.

 Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдойт

— Мугалим болуп эмгектенип жатканыма 10 жылдын жүзү болду. Устатым Роза Аманова бизди бүтүргөндөн кийин башка окуу жайга кетти. Анын ордуна мен мугалим болуп калдым. Буюрса, азын-оолак шакирт тарбиялап, устаттарымдан үйрөнгөнүмдү шакирттерим менен бөлүшүп жаткан учурум. Шакирттеримдин көбү элге таанылып ырдап жүрүшөт. Аларды эл алдында көрүү мен үчүн сыймык. Бизден ашырып, шумдук ырдаган шакирттерим бүттү. Бирок, үй-бүлөнү тандап кетишти. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү тең алып кетүү оор. Мындай учурда жолдошуңдун колдоосу маанилүү. Балким, качандыр бир убакта ал шакирттерим да кайрадан чыгармачылыкка келип калар деген үмүттөмүн.

Өзүмдүн жеке турмушумдан кеп кылсам, үч балабыз бар. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. “Эл ырчысы Эстебес” тобунда көп гастролдо болдук. Концертибиз театралдашкандыктан арабыздан бирөө кемип калса да болбойт. Ушундай учурда апам (кайненем) каралашып жүрдү. Эгер жолдошум, кайын журтум колдобосо, чыгармачылыгым аксап калмак. Азыр балдарым чоңойуп калды. Үй-бүлөгө да, чыгармачылыкка жетишип жаткан учурум.

 

Асель РАМАНКУЛ кызы,

“Кыргыз Туусу”

0 Поделились