Бишкек жана Чолпон-Атада орусиялык кинотасмалар жумалыгы өтөт

Кыргызстандын Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында 18-25-август күндөрү орусиялык кино жумалыгы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Орусия кино жумалыгында улуттук толук метраждуу 7 кинотасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

Жумалыкты уюштуруп жаткан орусиялык компанияга кыргыз тараптан Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана Ысык-Көл мамлекеттик администрациясы өнөктөш катары колдоо көрсөтмөкчү.

Кыргызстанда орусиялык кинотасмалар жумалыгын Кыргызстанда өткөрүү демилгесин Орусия президентинин кеңешчиси Владимир Толстой, Орусиянын Маданият министрлиги, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Чолпон-Ата шаарынын мэрясы колдоого алышкан.

Кинотасмалар Бишкекте «Манас» жана «Октябрь», Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”  кинотеатрларында коюлат. Киного кирүү акысыз болот.