Ленин чокусуна чыгууга барган ирандык альпинист каза тапты

Чоң-Алай районундагы Ленин пиги чокусуна чыгууга барган ирандык альпинист каза тапты. Бул тууралуу Ош облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 31-июлда Чоң-Алай районунун Ачык-Таш деп аталган аймагында  1968-жылы туулган ирандык альпинисттин сөөгү табылган. Ал чокуга чыгып бара жаткан жолдо каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум альпинист Ош шаарына 19-июлда учуп келген. Ал эми 24-июлда чокуга карай сапар алган. Бирок деңиз деңгээлинен 6600 миң метр бийиктикке жеткенде альпинисттин кан басымы көтөрүлүп кеткен жана турган ордунда жан берген.

Анын сөөгүн куткаруучулар тобу тоодон алып түшкөн. Жакынкы убакта альпинисттин сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Эске сала кетсек, июль айында Түркиядан келген альпинист Хан-Теңир чокусунда жүрөгү кармап каза тапкан.