Илимдер академиясында 2,9 млн сомдук каржы бузуулары аныкталды

Эсеп палатасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын түзүмдөрүнө 2015-2016-жылдарга карата жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында 2,9 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде акча каражаттарынын, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпей калышына, айлык жана башка акчанын туура эмес төлөнүшүнө байланыштуу каржылык бузуулар болгон.

Аудиттин жыйынтыгында Илимдер академиясынын жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана чара көрүү милдети коюлду.