Адистер ак илбирсти сактоо боюнча саммитке даярдык көрүүдө

Бишкекте ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү августтун аягына пландалган Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумдун негизги документтери менен күн тартибин талкуулап жатышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Жыйын форумда делегациялар тарабынан кабыл алына турган негизги документтерди карап чыгып, аягына чыгаруу максатын көздөйт. Иш-чара Бишкектеги Jannat Regency мейманканасында 12 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.

Форумдун өзү 24-25-август күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Иш-чара ак илбирсти сактоо боюнча бир катар мамлекеттердин аракетин колдоого багытталат.