Жыл башынан бери 134 табигый кырсыгы болуп, 34 киши каза тапты

2017-жылдан 4 айында 134 табигый кырсык катталып, 34 киши каза тапты. Ал кырсыктар жалпы 266 млн сом чыгым алып келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр билдиргендей, тиешелүү мамлекеттик органдар кооптуу аймактарда жайгашкан бир катар айылдардын, анын ичинде Аюу айылынын тургундарына эскертилип, айрым адамдарды күчтөп көчүрө албай койгон. Анын айтымында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2003-жылдан бери Аюу айылынын 11 үй-бүлөсүнө жер көчкү болору тууралуу үч жолу эскерткен, көчүрүлө турган айрым адамдарга ссудалык каражат жана турак жай курууга жер тилкеси бөлүнүп берилген, бирок алар көчпөй койгон.

Эске сала кетсек, 29-апрелде Өзгөн районундагы Аюу айылындагы жер көчкүдөн 11 үй кыйрап, 24 адам каза болгонун, ушу тапта 8 адамдын сөөгү табылган.