Орусиялык кыргыздардын социалдык тармагы ачылды

Орусияда жашаган кыргыздар “Мамалак” (www.mamalak.ru) аталышындагы социалдык тармак ачышты. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Марсель Салахунов өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

Тармактын негиздөөчүсүнүн айтканы боюнча, “Мамалак” бул кадимки социалдык тармак. Анда айылдаш досторун издөөгө, билдирүү жазууга, лайк коюуга, комментарий жазууга мүмкүн. Достук жиберип, сүрөт, видео жүктөгөнгө болот.

Ошондой эле, онлайн түрдө авиа билеттерди, сувенир сатып алууга, акча которууга, жарнама жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Тармактын негиздөөчүсү учурда ал камтыган аудиторияны кеңейтүү үстүндө иштөөдө.