Президент кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир башталышы — 13:45.

0 Поделились