Президент 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу  кайрылуу жасады.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда 1916-жылдагы кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда — 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алгандыгы айтылат.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болуп, жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калгандыгын белгилеген.

Мындан сырткары, «Ата-Бейитте» 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге эстелик тургузуу менен элдин мойнунда жүз жыл бою оор жүк болуп келген ыйык парз аткарылгандыгын Атамбаев кошумчалаган.

«1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти – Кыргызстан азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар, келечектүү өлкө!

Биз тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Өткөндү унутпайлы. Кыргыз жери үчүн, эркиндик үчүн шейит кеткен боордошторубузду эстен чыгарбайлы. Кыргыз көчү эч качан бириндебей, жолунан адашпай, түз кетиши керек», — деген президент Алмазбек Атамбаев.