Кыргызстандын аймагында 5 баллга жеткен жет титирөө катталды

Бүгүн, 3-августта саат 6:14төр чамасында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институту билдиргендей, жер силкинүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болуп, очогу Эркечтам айылынан 4 чакырым түндүк-чыгышта, Нура айылынан 12 км түндүк-чыгышта, Көк-Суу айылынан 17 км түштүк-чыгышында жайгашкан. Анын күчү аталган айылдарда 2,5 баллдан 5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.