Сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты

Биринчи Май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл алты айга эркиндигинен ажыратты. Мындай чечимди Жапаровдун ишин караган роайондук соттун судьясы Эрнис Кайыпов чыгарды.

Сотко төрагалык кылуучу Садыр Жапаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган жана ага катыштыгы бар деп тапты.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов мурдагы эл өкүлүнө «бийлик өкүлүндөрүнө каршылык жасоону уюштуруу», «адам өлтүрүүнү уюштуруу», «коомдук тартипти бузуу» жана «Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштуруу» деген төрт айып тагылганын айтат. Сот Жапаровду тагылган айыптардын үчөө боюнча актап, бир айып менен күнөөлү деп таап 11 жылдан ашык абакка кескенине нааразы экенин билдирди. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияларга кайрыла турганын айтты.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-март күнү Кыргызстанга келген учурда кыргыз-казак чек арасынан кармалып, дароо УКМКга жеткирилген.