Сары кызга арналган урмат-сый

Спорттун UFC түрү боюнча кыз-келиндер арасындагы эл аралык деңгээлдеги белгилүү айым Валентина Шевченкого Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук искусство университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Кыргыздын туусун эл аралык мелдештерде желбиреткен сары кызыбыз мындан он үч жыл мурда ушул университеттин кинорежиссер адистиги боюнча окуп бүтүргөн.

Ал эми жакында Бишкектин ири соода оюн-зоок борборлорунун бириндеги даңазалоо аллеясында Валентинага арналган жылдыз чегерилип жасалды. Бул жерде бир нече жылдан бери мекенибизди даңазалаган спорттун жана маданияттын өкүлдөрүнө арналган жылдыздар чегерилип келе жатат.

0 Поделились