Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курамасы Дүйнө кубогунда 11 медаль жеңди

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 11 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.

Мелдеш 17-20-декабрда Финляндияда өтүп, дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн спортчулар катышты.

Кыргызстандан барган спортчулар 11 медаль багындырышты:

Алтын медаль – Элдос Айтбаев (70 кг), Айжан Анарбекова (85 кг), Кымбат Нуржанова (65 кг);

Күмүш медаль – Азамат Асанов (60 кг), Бекмырза Токтошев (65 кг), Адилет Аскарбеков (75 кг), Дильбара Иманканова (55 кг);

Коло медаль – Келдибек Атайбек уулу (105 кг), Дильдора Рахмонова (свыше 85 кг), Эльза Абдыкадырова (65 кг), Азат Таштанбеков (90 кг).

 

Кабар МАБ

0 Поделились