Балыкчы-Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыгынан эки адам каза болду

Балыкчы-Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыгынан эки адам каза болду. Анын бирөөсү 12 жаштагы кыз экендигин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 40-чакырымында «Тойота Ист» жана «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Анын натыйжасында 1972-жылы туулган аял жана 2005-жылы туулган секелек кыз көз жумган. Дагы бир адам жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.